KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Чоң-Алай райондук сотунда семинар болуп өттү

08 сентября 2022

Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунда, 2022-жылдын 7-сентябрь күнү Чоң-Алай  райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана Чоң-Алай райондук ЖДПБнун медицина кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин процессуалдык талаптарынын сакталышы боюнча семинар кеңешме өткөрүлдү.


Кеңешмеде Чоң-Алай райондук сотунун төрагасы  Бектурсун Эралиев жана судья Рахманали Абдрахманов каралып жаткан иштердин санына жана сапатына токтолду.Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин процессуалдык талаптарына ылайык, протоколдорду жана материалдарды түзүү, ошондой эле мыйзамдын талаптары толук сакталышы боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Андан соң суроо-жооптор менен уланып, айрым сунуш пикирлер ортого салынды.