KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунда Кыргыз Ресбуликасынын сот тутумунун кызматкерлеринин арасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кичи фудбол боюнча кубогу болуп өттү

13 мая 2023

Бүгүн 2023-жылдын 13-майында Ош облусунда Кыргыз Ресбуликасынын сот тутумунун кызматкерлеринин арасында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кичи футбол боюнча кубогу болуп өттү.


Мелдешти Ош Облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев ачып,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппарат жетекчисинин орун басары Эркин Искаковго сөз берди.  Ал өз сөзүндө мелдеш  сот кызматкерлеринин арасында ынтымакты, өз ара достукту  бекемдөөгө ден-соолукту чыңдоого шарт түзөөрүн белгилеп, ийгиликтерди каалады.


Бул спорттук мелдеште жалпысынан 11 команда ат салышып, командалар кызыктуу оюн көрсөтө алышты.


Ар бир команда футбол боюнча  өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта жана абдан кызыктуу өттү. Жыйынтыгында  мыкты  деп  табылган  3  командага кубок, диплом жана грамоталар  тапшырылды.


Биринчи орунду  жана турнирдин  өтмө кубогу менен  Чуй облустук сотунун кызматкерлери сыйланышса, экинчи орунду Жалал-Абад облустук сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга  Нарын облустук сотунун  командасы, төртүнчү орунга Бишкек шаардык соту татыктуу болду.


Мындан сырткары  турнирдин уюштуруучулары «Мыкты дарбазачы», «Мыкты оюнчу», «Мыкты бомбардир» номинациялары боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.


Пресс-катчы А. Туратбек кызы