KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош шаардык сотунун судьялары студенттер менен жолугушту

26 декабря 2022

2022-жылдын 15-декабрында Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин Жарандык процесстик кафедрасы тарабынан уюштурулган  “Студент: кечээ, бүгүн, эртең” тематикасындагы дискуссияга Ош шаардык сотунун судьялары Урматбек Абдырахманов,  Нурлан Эсенбаев катышышты.


Дискуссиянын жүрүшүндѳ судьялар Абдырахманов У., Эсенбаев Н., жана  Ош шаардык прократурасынын бѳлүмүнүн башчысы Койчуман уулу Талантбек кафедралардын окутуучулары студенттерге юристтик кесиптин маанилүүлүгү, коомдогу орду тууралуу белгилешип, жогорку деңгээлдеги профессионал болуу үчүн билимдүү, ѳз кесибин сүйгѳн, адамкерчилик касиетти ыйык туткан инсан болуу керек экендигин түшүндүрүштү. Өз учурунда студеттер окуу процессиндеги маселелер, практикалык ишмердүүлүккѳ бѳлүнгѳн окуу саатты кѳбѳйтүү, сот, прокуратура, ички иштер башкармалыгында окуу практикасын натыйжалуу ѳткѳрүү үчүн сунуштарын, суроолорун жолдошту.


Ош шаардык соттун судьялары студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришип, соттук тажрыйбадагы мисалдарга кѳңүл бурушту.


Дискуссиянын жүрүшүндѳ маанилүү суроолор берилип, натыйжасында ушундай иш чаралар студенттердин умтулуусуна, окуусуна, тарбияга кубаттап, студенттерди келечекте юрист катары даярдоодо университеттин ишмердүүлүгүнѳ тажрыйбалуу адистерди, тергѳѳчүлѳрдү, прокурорлорду, сот аппараты жана судьяларды катыштырууда оң жыйынтык болоору белгиленди.