KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кара-Суу райондук соту тарабынан, Кара-Суу райондук жергиликтүү бийликтин, Аксакалдар сотунун пробация органынын жана медиация өкүлдөрүнө методикалык жардам көрсөтүлдү.

26 декабря 2022

Аталган жыйын Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Э. Асановдун демилгеси менен Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Э. Асанов, судья Г. Усакпаева, судья Р. Калдыбаевдин катышуулары менен Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өткөрүлдү.


Мындан тышкары, жыйынга Кара-Суу районунун Акими Т. Ногоев, Аксакалдар сотунун төрагалары, медиация органынын, пробация органынын жана айыл башчылар менен айыл өкмөттөр катышкан.


Жыйындын алкагында, Кара-Суу райондук сотунун судьялары тарабынан иштелип чыккан жаны Аксакалдар сотунун Мыйзамынын долбоору жөнүндө маалымат берилип, долбоорго сыныш пикирлерин берүү сунушталды.


Аталган, мыйзам долбоору, жаны кабыл алынган мыйзамдарга шайкеш келтирүү, аксакалдар сотуна элдердин ишеничин көтөрүү жана майда талаш тартыш иштерди ошол айылдын ичинде сотко жеткирбей өз ара чечүү максатында иштелип чыккан.


Мындан тышкары, Кара-Суу райондук соту тарабынан жергиликтүү бийлик органы үчүн кыскача жер мыйзамдардагы маселелер боюнча эскерткич иштелип чыгып, өкүлдөргө таратылып берилди.


Ушуга байланыштуу, Кара-Суу райондук соту тарабынан жергиликтүү өз алдынча бийликке Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө Кодексинде каралган коомдук жумуш түрүндөгү жазаларды аткаруу жагына сунуш берилди.


Ал сунушта мисалы автоунааны мас абалында башкаруу үчүн коомду жумуш жазасы каралган. Коомдук жумуш пробация органы менен жергиликтүү өз алдынча бийлик тарабынан аткарылат. Ошондуктан аталган укук бузуу адамдын өмүрүнө коркунуч келтирерин эске алып, коомдук жумуш түрүндөгү жасаганы коомдук жайларды аткарылышы, укук бузуучуга ошол жазаны аткарып жүргөндүгү жөнүндө кандайдыр бир белгиси бар кийим берип, жолдордун боюнда, көп автоунаа токтотуучу жайларда аткарылышы жөнүндө сунуш келтирилди. Бул аракеттер жарандарды мындай аракеттерге барбоого тартип берет.


Мындан тышкары, судьялар жер талаш маселелер көп каралып жатканын, ошондуктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарандарга жер тилкесин бөлүп берүүдө мыйзам бузууга жол берилбестигин жана жер кодексине ылайы иш алып барууну белгилешти. Ушуга байланыштуу сот жыйналышына айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү сотко чакыруу боюнча өз убагында катышуусун талап кылышты. Анткени айрым учурларда сот жыйналышы айыл өкмөттүн өкүлдөрү сот жыйналышына келбегендиктен сот ишти кийинкиге калтырууга аргасыз болот. Мындай көрүнүш сот жыйналышынын катышуучуларынын нааразычылыктарын жана ишти негизсиз создурууга алып келерин белгилешти.


Кара-Суу районунун акими Т. Ногоев өз учурунда Кара-Суу райондук сотунун судьяларына терен ыраазычылык билдирип, мындан ары ушундай иш чараларды дагы улантуусун жана соттор менен тыгыз байланышта иштөөнү, эгерде айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү соттун кандайдыр бир талабын аткарбаса, аларга мыйзам чегинде чараларды көрүүнү белгиледи.