Ноокат райондук сотунда Ачык эшиктер күнүндө кыргыз- өзбек университенин студенттери жана Ноокат районунун жогорку класстарынын окуучулары сот системамынын ишин көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чаранын алкагында соттун имаратына экскурсия, соттор менен жолугушуу жана суроо-жооп уюштурулду. Бул иш-чара укуктук маданиятты жогорулатуу, сотторго болгон ишенимди арттыруу жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган.