KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунда Улуттук медиация борборунун 10 жылдыгына арналган иш-чара өттү

05 июня 2023

Бүгүн 2023-жылдын 5-июнунда  Ош облусунун мамлекеттик админстрациясында “Борбордук Азия өлкөлөрүндө медиация институтунун киргизүү тажрыйбасы.Кызматташтыктын келечеги” деген темада тегерек стол уюштурулду.


Жыйынга Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Ош шаардык сотунун судьясы катышканын белгилейбиз. Ошондой эле медиация борбору менен кызматташ башка органдардын кызматкерлери, өлкөнүн бардык региондорунан келген медиация институтунун өкүлдөрү  катышышты. Мындан сырткары, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Казакстан жана  Өзбекстан республикасынан медиаторлор келишти. Ал эми Украина, Беларусия жана Россия федерациясынын медиаторлору менен жыйын онлайн форматта өттү.


“Саламатсыздарбы,  урматтуу тегерек столдун катышуучулары! Кош келиңиздер, урматтуу коноктор! Сиздерди улуттук медиация борборунун 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, медиация институтун түзүүгө, аны өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга, ошондой эле мыйзам долбоорун түзүүгө кошкон салымы үчүн Гулсина Жолдошбековага терең ыраазычылык билдирем. Буга чейин медияция социалдык институт болсо, мыйзам кабыл алынгандан кийин, тагыраага 2018-жылдан бери юридикалык институт катары иштеп келе жатат.


 Ошонун негизинде кызматташуу үчүн судьялар тараптарды маалыматтык жолугушууга багытташат. Белгилей кетүүчү нерсе, сот системасы институт менен кызматташуу багытында өзүнчө кабинет бөлүп берген.


Албетте, жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик жана жазык-укуктук мамилелердин мыйзамдарында каралган учурларда келип чыккан талаш-тартыштарды чечүүдө медиация чоң орунду ээлейт жана чоң роль ойнойт.


Баарыбызга белгилүү болгондой, эки адамдын жарашуусу чоң иш, ошондуктан бул кесиптин ээлери чоң сый-урматка татыктуу экенин белгилегим келет. Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, бүгүнкү тегерек столдун жемиштүү өтүшүн жана медиация институтунун мындан аркы гүлдөп өнүгүүсүн каалайм.” – деди, Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев.


Медиация – бул тараптардын талаш-тартыштарын ортомчу аркылуу чечип, эки тарапка тең ыңгайлуу чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүүчү өзгөчө сүйлөшүүлөрдүн түрү болуп эсептелет. Элдешүү процедуралары чыр-чатактарды чечип, тараптардын мамилесин жакшыртуу жолдорун жөнгө салууга багытталган.


Эске сала кетсек, медиатордун көмөктөшүүсү менен, талашкан тараптардын кызыкчылыктарын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүү максатында макулдашуу аркылуу укуктук талашты жөнгө салуу боюнча медиацияны Кыргыз Республикасында колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын “Медиация жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган.


Мыйзам боюнча медиация сотко кайрылганга чейин да, соттук териштирүүнүн, бейтарап соттук териштирүүнүн жана аткаруу өндүрүшүнүн убагында да жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында тараптар талашты чечүү үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылбайт. Медиациянын негизги өзгөчөлүгү-чечимди талашып-тартышып жаткан тараптар өздөрү кабыл алышат, жана ар бир тарапка бул кырдаалдан жеңүүчү болуп чыкканга мүмкүнчүлүк берет. Медиация аркылуу талаш-тартыштарды, конфликтерди чечүү мүмкүнчүлүгү сотто каралып жаткан иштердин санын кыскартат.


 


Пресс-катчы А.Туратбек кызы