Бүгүн, 2022-жылдын 6-сентябрында Ош облустук соту, Ош облусунун административдик соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын эмгек жамааттары ишембилик өткөрүштү.
Бул иш-чарага сот кызматкерлери активдүү катышышты.
Соттун имаратынын айланасындагы аймактарды иретке келтиришип, жашылдандыруу максатында мурда отургузулган көчөттөргө кам көрүшүп, иш бөлмөлөрүн тазалашты.