KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда 2023-жылдын биринчи жарым жылдык ишмердүүлүгү боюнча жыйын өттү

13 октября 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 13-октябрында Ош облусунун жергиликтүү сотторунун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.


Жыйынды облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев ачып күн тартибинде каралчу маселелер менен тааныштырды.


Кеңешменин жүрүшүндө Ош облустук сотунун кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Джумагулов, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Алмаз Койлубаев жана  административдик иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Алыбаев, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.


Жергиликтүү соттордун судьяларынын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча тааныштырып, биринчи инстанциядагы кээ бир иштери боюнча соттук актылардын апелляциялык тартипте каралууда жокко чыгарылышын же өзгөртүлүшүнүн себептери белгиленди.


Судьялардын иштерди кароодо сапаты боюнча кассациялык инстанциянын статистикалык маалыматтары айтылды.


Жыйындын соңунда төрага Мирлан Боромбаев сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдын талабын, эмгек тартибин бекем сактоосуна жана соттук актылардын сапатын жогорулатууга судьялардын көңүлдөрүн бурду.