Иш сапарынын алкагында Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Ош облусунун Араван райондук сотуна барып, судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, жыйын өткөрдү.
Жыйында төрага судьяларды жана аппарат кызматкерлерин ынтымактуу иштөөгө, коррупциялык элементтерди болтурбоого, соттук актынын сапатын жакшыртууга, сотко кайрылган жарандарга сылык мамиле жасоого жана эмгек тартибин бекем сактоого чакырды.
Буга чейин төрага Ош облусунун башка райондук сотторуна дагы иш сапары менен чыгып келгендигин белгилейбиз.