KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кара-Суу районунун соттору семинарга катышышты

01 декабря 2022

2022-жылдын 22-ноябрында Кара-Суу райондук сотунун судьялары Сыргак Жумадылов, Руслан Калдыбаев Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө “Тендик нуру” долбоору жана “Жакшы ниет” программаларынын негизинде Нариман айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө өткөрүлгөн “Зомубулксуз жашоо” семинарына катышышты.


Аталган семинарда Кара-Суу райондук сотунун судьялар Сыргак Жумадылов менен Руслан Калдыбаевдер, үй-бүлө ичинде болуп жаткан зомбулуктар жөнүндө, күнөөлү адамдарга кандай чара колдонулгандыгы, кандай зомбулуктар болуп жаткандыгы тууралуу маалымат беришти.


Үй бүлөлүк зомбулук жасаган адам Кыргыз Республикасынын укук бузуу жөнүндө кодекси жана кылмыш жаза кодексине ылайык жоопкерчилигине  алып келээрин жана кандай жазалар каралгандары боюнча айтып өтүштү.


Ошону менен бирге, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы алдын ала кандай чараларды колдонууга жана жарандардын арасында кандай профилактикалык иштерди жүргүзүү жөнүндө талкуу жүрдү.


Судьялар оз сөздөрүндө биринчи ирээт айыл жерлеринде Аксакалдар сотунун иш алып баруусунун сапатын жана элге маалыматты тартуу зарыл экенин, буга байланыштуу жер жерлерде социалдык тармактагы кызматкерлер менен чогуу тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу боюнча сунуш болду.


Ɵз учурунда судьялар, мындан ары ушундай семинарларга катышууга, мыйзам талаптарына ылайык зомбулукка каршы иш чараларга өз жардамдарын аябай тургандарын жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта иштөөгө даяр экендиктерин белгилешти.