KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков иш сапарынын алкагында Ош облустук жана Ош шаардык сотторунда болду.

30 августа 2023

Төрага сот органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, 32 жылдан бери республика ар кандай сыноолорду баштан кечиргенин, өлкөбүз жылдан жылга күчтөнүп баратканын белгиледи.


Ошондой эле Замирбек Базарбеков судьялар корпусунун дарегине айтылган сын-пикирлерге карабастан фемида кызматкерлеринин көпчүлүгү сот адилеттигин ак ниеттүүлүк менен жүргүзүп жатканын белгиледи. Төрага соттук-укуктук реформанын этаптары тууралуу айтып жатып, сот системасынын көптөгөн кызматкерлеринин талыкпаган жана жоопкерчиликтүү эмгеги менен бир катар  ийгиликтерге жетишилгенин баса белгиледи.


«Өз ишине берилип иштеген кесипкөй адистердин аракети менен жылыштар болуп жатканын белгилей кетүү керек. Сот тутумунда мындай адистер көп. Бирок, “Бир карын майды бир кумалак чиритет” болуп жатат. Андыктан, система  компетентсиз, туш келди кадрлардан тазаланат», — деди Замирбек Базарбеков.


Кеңешменин жүрүшүндө Замирбек Базарбеков судьялар ишти өз убагында карап, адилеттүү, негиздүү жана мыйзамдуу чечимдерди кабыл алышы керектигин баса белгиледи.


Төрага областтагы сот органдарынын ишиндеги кемчиликтерге  дагы токтолду.


«Учурда сот реформасынын үчүнчү этабы жүрүп жатат, анын маңызы сот адилеттигин жүргүзүүдө. Андыктан,  Жогорку сот тарабынан ар бир судьянын ишинин сапаты жана натыйжалуулугу жөнүндө тыянактар чыгарылат. Сот тутуму үчүн көп нерсе жасалды жана жасалып жатат, бирок судьялар арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алып жаткандыгы өкүндүрөт. Сот тутумунун кадыр-баркына шек келтирип жаткан кадрлардан тазаланышыбыз керек. Мындай сотторго менин акыркы эскертүүм: ак ниеттүүлүк менен жана толук берилгендик менен иштегиле! Эгерде алган айлыгыңар жетишсиз болсо, кызматтан кетип, бизнес менен алектенгиле», — деди Замирбек Базарбеков.


Жергиликтүү соттордун судьяларына сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча туруктуу иш алып баруу жана орун алган процесстик мыйзам бузууларды четтетүү тапшырмасы берилди.


Судьялардан соттук чечимдердин аткарылышына соттук контролду күчөтүү талап кылынары өзгөчө баса белгиленди.