KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен онлайн кеңешме өткөрдү

06 июня 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 6-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видеоконференц байланыш аркылуу кеңешме өткөрдү.


Жыйынга Жогорку соттун судьялары жана аймактардагы райондук, шаардык жана облустук  соттордун төрагалары, судьялар катышышты.


Төрага Замирбек Базарбеков  ушул жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары 2024-жылдын биринчи жарым жылдык иш планына ылайык, жергиликтүү соттордун сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда мыйзамдарды туура колдонуу, иштерди кароонун сапатын жогорулатуу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларына тажрыйбалык жана методикалык жардам көрсөтүп келишкендигин маалымдады.


Методикалык жардам көрсөтүү учурунда жергиликтүү соттордогу жетишкендиктер менен бирге эле айрым мүчүлүштүктөр болуп жаткандыгын айтып, орун басарлардан бул туурасында  маалымат берүүсүн талап кылды.


Төраганын орун басарлары Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков жана Нургуль Бакирова жергиликтүү соттордо орун алып жаткан көйгөйлөргө токтолуп, бул  боюнча анализ жасалып төрагага тиешелүү сунуштарды бере тургандыктарын билдиришти.


Замирбек Базарбеков орун басарлар тарабынан  айтылган  сот адилеттигин жүргүзүүдө кетирилип жаткан кемчиликтерди соттор четтетиши керектигин катышуучуларга эскертти.


Андыктан,  төрага сот адилеттиги Кыргыз Республикасынын атынан жүзөгө ашырылып жаткандыктан,  адамдын жана жарандын эркиндиктерин, ошондой эле мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого тийиш экендигин баса белгиледи.