KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков: Сот реформасынын үчүнчү этабынын алкагында эң катаал чаралар көрүлөт

13 ноября 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков иш сапары менен Ош облусунда болду.


Жогорку соттун төрагасы менен биргеликте Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев жана анын орун басары Кубат Черикчиев шаардын сот органдарына бөлүнгөн имарат менен таанышып чыгышты. Ош шаардык кеңешинин чечими менен бул имарат Ош шаарында жайгашкан сот органдарын жайгаштыруу үчүн Сот департаментинин балансына өткөрүлгөн.


Замирбек Базарбеков Сот адилеттик үйүнө бөлүнгөн имараттын учурдагы абалы менен таанышкан соң, оңдоо иштери жүрүп жаткан Алай райондук сотунун имаратына барды.


Андан соң облустук соттун имаратында Жогорку соттун төрагасы облустун судьялары менен кеңешме өткөрдү, анда ар кандай категориядагы иштер боюнча процессуалдык мыйзам бузуулар белгиленди.


Тактап айтканда Замирбек Базарбеков белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын үчүнчү этабынын алкагында, анын маңызы сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу болуп саналат.


Судьялар тарабынан процессуалдык мыйзамдардын талаптарын одоно бузуунун айрым фактылары баса белгиленди. Төрага мыйзам бузууларды жоюу жана мыйзам талаптарын так сактоо боюнча тапшырмаларды берди.


Ошондой эле, Ош облусунун судьяларынын ишмердүүлүгүндө статистикалык көрсөткүчтөрдү белгилеп, сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу боюнча тынымсыз аракеттерди жүргүзүүгө чакырды.