KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган судьялар ант беришти.

07 марта 2024


 2024-жылдын  6-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун, ошондой эле Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган судьялар ант беришти.






Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыктарды чыкты:


— Берекебаев Адилет Ашымбекович;


— Өмүралиев Самат Сагынбекович;


— Советбек уулу Аскат.


Кыргыз Республикасынын Президентинин башка Жарлыгы менен төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:


— Баткен облусу:


Лейлек райондук соту


Советбек уулу Аскат;


 


— Жалал-Абад облусу:


Тогуз-Торо райондук соту


Омуралиев Самат Сагынбекович;


 


Токтогул райондук соту


Берекебаев Адилет Ашымбекович;


 


— Ош облусу:


Ош облустук соту


Абдымомунова Жамиля Канатбековна;


Алимкулов Нургазы Халилович;


 


— Чүй облусу:


Чүй облустук соту


Абдыразаков Омурбек Анарбекович;


 


— Бишкек шаары:


Бишкек шаардык соту


Абдураимов Арзыбай Базарбаевич;


Азимжанов Мадамин Низамидинович;


Бекташов Сүйүнбек Исраилович.


 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков дайындалган судьяларды куттуктап, берген  антка бек турууга чакырды.


 


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын шайланган же дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.