KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

2024-жылдын 1-ноябрында Ноокат райондук сотунда “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү

05 ноября 2024

Иш-чара укуктук сабаттуулукту жана жарандардын сот системасына болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле ар бир адамдын сот адилеттигине жетүүсүн камсыздоого багытталган. Жыйынга райондук соттун төрагасы Чынара Ибраева, ошондой эле Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин укук жана бажы факультетинин деканы Алмагул Кокоева жана 3-курсунун студенттери катышышты.


Иш-чаранын алкагында студенттер сот системасы, жарандык жана кылмыш иштерин кароонун негизги этаптары, талаш-тартыштардын негизги категориялары менен таанышышты. Судьялардын ыйгарым укуктары жана статусу, ошондой эле бул кызматка талапкерлерге коюлуучу талаптар кеңири түшүндүрүлдү. Соттун өкүлдөрү соттун чечимдерине даттануунун тартиби жана жогору турган соттордун ыйгарым укуктары тууралуу айтып беришти.


Сот аппаратынын бөлүм башчысы соттун имараты боюнча экскурсия жасап, студенттер сот залдарын кыдырып, кеңсенин иши жана автоматташтырылган маалымат системасы (АИС) менен таанышты. Сот отурумунун катчысы аудио-видео жазуу системасынын иштөөсүн көрсөтүп, сот отурумунун кыскача протоколун даярдоонун жүрүшүн түшүндүрдү.


Студенттер сот кандай иштээрин, иш кагаздарын жүргүзүү жана арыздар кандай каралып жатканын иш жүзүндө көрө алышты. Ошондой эле сот системасы боюнча көптөгөн суроолорду берип, мындан ары ишке орношуу мүмкүнчүлүгү менен сотто стажировкадан өтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.