Жыйынга Ош облусунун Админстративдик сотунун төрагасы Дамир Суйналиев, судьялар Руслан Калдыбаев, Жаныл Жаныбекова, Ош облустук сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын төрайымы Нурия Бекбаева, судьялар Миргуль Джаналиева, Жаныл Борончиева, КРнын айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгынын бөлүм башчысы Кутман Ысаев, инспектор Максатбек Козуев Ош шаарынын мэриясынын юридика бөлүмунүн жетектөөчү адиси Акылбек уулу Нурсултан, Жер ресурстары кызматынын Ош филиалынын адиси Бекназар Адыров, Ош суу чарба башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Э.Абдирахманов, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын юридика бөлүмунүн жетектөөчү адиси –Маматжан кызы Гулдана жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы жерге жайгаштыруу боюнча «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалынын директору Рыскулбай Кенжебаев катышышты.
Жыйында административдик доо берүү жөнүндө, административдик процесстин катышуучулары жөнүндө (доогер жана жоопкер) жана административдик процесстеги мөөнөттөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Административдик-Процесстик Кодексинин ченемдерин колдонуунун кээ бир көйгөйлүү маселелери тууралуу талкуулашты. Мындан сырткары орун алган көйгөйлөр жана кемчиликтер айтылып, мыйзамда белгиленген тартипте иш алып баруу тууралуу эскертилди.
Жыйындын соңунда Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Нурия Бекбаева жана Ош облусунун Административдик сотунун төрагасы Дамир Суйналиев жыйындын катышуучуларына келип катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап, биргеликте тыгыз иш алып баруу зарыл экендигин билдиришти.
Биздин сайт: