2025-жылдын экинчи жарым жылдыгынын иш-планына ылайык, Ош облусунда административдик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда методикалык колдоо жана суроо-жооп форматында тегерек стол өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Ош облустук сотунун Административдик иштер боюнча соттук
коллегиясынын төрайымы Нурия Бекбаева, Ош облусунун Административдик сотунун
төрагасы Дамир Суйналиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну
көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Совет Абдраев, адистер Сайназар Райымберди уулу жана Актилек Хужановдун
катышуусунда өттү.
Жыйында 2025-жылдын 2-августунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин Nº464 сандуу токтому менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө
кызматы жөнүндө Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизилгендиги боюнча талкуулашты.
Анда өзгөртүү киргизилген Жобо боюнча ой-пикирлер ортого салынып, мыйзамдын туура багытта колдонулушу жана аткарылышы боюнча түшүндүрүлүп, суроо-жооп менен жыйынтыкталды.