Бүгүн, 2026-жылдын 29-июнунда Ош облусунун Административдик сотунун эмгек жамааты «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу иш планынын негизинде: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдоо багытындагы «Кыргыз тилим – адилеттүүлүкө үндөгөн тил» темасынын алкагында:- судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери үчүн кыргыз тилинде чечендик өнөр боюнча окутууларды жана сот системасынын кызматкерлерине юридикалык терминологияны кыргыз тилинде окутуу болуп өттү.
Иш чарада конок лекцияны Ош мамлекеттик университетинин Филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын башчысы, Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Бактыгүл Байтикова өттү.
Аталган тема 2025-жылдын 12-августуна Жогорку соттун Төрагасынын буйругу менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңугужолу иш планын аткаруу максатында Ош облусунун Административдик сотунун Окуу планына киргизилген.
Бул иш-чаралар “Улуттук дем” идеологиясын ишке ашыруунун маанилүү кадамы болуп саналат жана мамлекеттик тилди сот практикасында кеңири колдонууга түрткү берип, сот имараттарында кыргыз тилдүү маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.




