Араван райондук сотунда коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана кызматтык жоопкерчиликти жогорулатуу маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Иш-чарага соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө кызматтык милдеттерди мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу, кызматтык этиканы бекем сактоо, ошондой эле жарандар менен иш алып барууда ачык-айкындуулук жана калыстык принциптерин камсыздоо маселелери талкууланды.
Катышуучуларга коррупциялык укук бузуулардын кесепеттери тууралуу маалымат берилип, сот тутумунун аброюн көтөрүүдө ар бир кызматкердин жоопкерчилиги өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.
Белгилей кетсек, сотто коррупцияга каршы аракеттенүү, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.




