KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Араван райондук сотунун судьяларына методикалык жардам көрсөтүлдү

20 июня 2025

Ош облустук сотунун кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы  Нурлан Абдыразаков Араван райондук сотунун судьяларына соттук практика маселелери боюнча методикалык көмөк көрсөтүү жана практикалык тажрыйба алмашуу максатында кызматтык иш сапары аталган райондук сотто болду.


Иш сапардын жүрүшүндө төмөнкү негизги багыттар боюнча практикалык жана теориялык жардамдар көрсөтүлдү:


Анда  кылмыш-жаза иштерди кароонун процессуалдык өзгөчөлүктөрү — жаңы кабыл алынган мыйзам актыларынын негизинде иштерди кароонун тартиби жана аларды колдонуудагы актуалдуу маселелер боюнча түшүндүрмө берилди;


Соттук актыларды түзүүдө мыйзамдуулук жана жүйөлүүлүк принциптерин сактоо — токтомдордун, өкүмдөрдүн мазмунун тактоо, негиздөө логикасын күчөтүү жана соттук актыларды жазууда бирдиктүү методикалык мамилелерди камсыз кылуу боюнча сунуштар берилди;


Ишти өз мөөнөтүндө жана сапаттуу кароо маселеси — сот өндүрүшүндөгү иштердин создугушуна жол бербөө, соттук жүктөмдү туура бөлүштүрүү жана өндүрүштөгү иштерди талдоо ыкмалары каралды;


Сот өндүрүшүндө электрондук маалыматтык технологияларды колдонуу автоматташтырылган маалымат системасын натыйжалуу пайдалануу, отурумдарды онлайн форматта өткөрүү жана электрондук документ жүгүртүү тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди;


Мындан тышкары, соттор тарабынан көтөрүлгөн конкреттүү суроолор боюнча да талкуу жүрүп, так жооптор жана укуктук түшүндүрмөлөр берилди. Судьялар менен түз байланыш аркылуу учурдагы көйгөйлүү маселелер боюнча пикир алмашуу болду;


Белгилүү болгондой, буга чейин Ош облусунун башка жергиликтүү сотторунда дагы методикалык жардам көрсөтүлүп, практика алмашуу болгон.