KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Бөлүм башчыларга мамлекеттик алымды онлайн аркылуу төлөө боюнча презентация өттү

23 апреля 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакированын катышуусунда “Мамлекеттик алымды онлайн төлөө” системасынын пилоттук режимде ишке кириши боюнча презентация болуп өттү.


Иш-чара видеоконференц байланыш аркылуу өтүп, Жогорку соттун судьяларынан жана аппаратынан турган жумушчу топтун өкүлдөрү, “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемесинин директору Бек Иманалиев жана  жергиликтүү соттордун бөлүм башчылары катышышты.


Сот системасы тарабынан ишке киргизилген жаңы санариптик сервис жарандарга мамлекеттик бажы төлөмүн үйдөн же кеңседен чыкпай эле, сотко же банкка жеке барбастан, өзүңө ыңгайлуу убакта мобилдик итркемелер аркылуу төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.


Сервис Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемеси тарабынан иштелип чыгып, финансы министрлиги, мамлекеттик жана жеке банктар менен кызматташтыкта ишке ашырылып жатат.


Азыркы учурда система “Элдик” мобилдик тиркемеси менен иштеп жатат.Жакынкы күндөрү ага “МБанк”, “Бакай Банк” жана башка банктар дагы кошулат.