Бүгүн, 2026-жылдын 30-январында Ош облустук сотунун кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Нурлан Абдыразаков жана судьялар Майрагуль Дуйшенбекова менен Джамиля Абдымомунова соттук практика боюнча тажрыйба алмашуу жана биринчи инстанциядагы кесиптештерине методикалык жактан көмөк көрсөтүү максатында Араван райондук сотунда болушту.




