KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Чоң-Алай райондук сотунда шахмат боюнча турнир уюштурулду

29 июня 2026

Чоң-Алай райондук сотунда соттун төрагасы Айбек Бекбулатовдун демилгеси менен кызматкерлер арасында шахмат боюнча интеллектуалдык турнир өткөрүлдү.


Иш-чарага райондук соттун аппарат кызматкерлери жана Сот приставдар кызматынын кызматкерлери катышып, шахмат тактасында өздөрүнүн логикалык ой жүгүртүүсүн, стратегиялык жөндөмүн жана интеллектуалдык даярдыгын көрсөтүштү.


Турнир достук маанайда өтүп, кызматкерлердин өз ара ынтымагын чыңдоого, сергек атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түздү. Ошондой эле шахмат оюну адамдын логикалык ой жүгүртүүсүн, сабырдуулугун, тартиптүүлүгүн жана ар бир кадамын кылдат пландап, туура чечим кабыл алуу жөндөмүн калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.


Турнирдин жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлеген жеңүүчүлөр жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар Чоң-Алай райондук сотунун төрагасы Айбек Бекбулатов тарабынан дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты.


Иш-чаранын соңунда сот төрагасы интеллектуалдык спорттун мындай түрлөрү кызматкерлердин кесиптик жана жеке сапаттарын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизерин белгилеп, алдыда дагы ушундай турнирлер үзгүлтүксүз уюштуруларын билдирди.