KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Эл менен жолугушуу Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында уланууда

11 июня 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык уюштурулуп жаткан эл менен жолугушуулар Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында уланууда. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өздөрүн кызыктырган маселелерди көтөрүп, социалдык инфраструктура, жол, суу камсыздоо жана башка көйгөйлөр боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.


Сот иштерине байланыштуу көтөрүлгөн маселелер боюнча Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов жергиликтүү тургундарга түшүндүрмө берип, аларды чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.


Мындай жолугушуулар калк менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты бекемдөөгө, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү жеринде угуп, ыкчам чечүүгө багытталган.