Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык уюштурулуп жаткан эл менен жолугушуулар Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагына караштуу Кызыл-Сеңир айылында уланды.
Жолугушууга Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов катышып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарды кызыктырган социалдык-экономикалык маселелер, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга байланышкан суроолор коюлду.
Жыйындан кийин Ош облустук сотунун төрагасы жарандарды жеке кабыл алып, алардын кайрылууларын жана көйгөйлөрүн укту. Кабыл алууга келген тургундар сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, сот актыларын аткаруу, жер жана мүлк маселелери, ошондой эле башка укуктук суроолор боюнча кайрылышты.
Ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, мыйзам чегинде чечүү жолдору сунушталды. Айрым маселелерди тереңирээк кароо үчүн жооптуу мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.




