Бүгүн, 2025-жылдын 15-майында иш сапарынын алкагында Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси Адилет Чакиев жана Сот департаментинин сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн иш-аракетин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ибраев менен биргеликте Чоң-Алай райондук сотуна барды.
Райондук соттун судьялары жана аппарат кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, жыйын өткөрдү.
Жыйында төрага судьяларды жана аппарат кызматкерлерин ынтымактуу иштөөгө, коррупциялык элементтерди болтурбоого, сотко кайрылган жарандарга сылык мамиле жасоого жана эмгек тартибин бекем сактоого чакырды.
Райондук соттун иш бөлмөлөрүн кыдырып чыгып, имараттын авариялык абалда экендигин жеринен көрүштү.
Буга чейин төрага Ош облусунун башка райондук сотторуна дагы иш сапары менен чыгып келген.