Бүгүн 2025-жылдын 8-апрелинде Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов облустук соттун, жергиликтүү соттордун судьялары жана бөлүм башчылардын катышуусунда жыйын өткөрдү.
Алгач төрага ротация жолу менен аймактардан которулуп келген судьяларды кесиптештери менен тааныштырып, жооптуу иштерине ийгилик каалап, андан соң жергиликтүү соттордун төрагаларынын баяндамаларын укту.
Жыйындын жүрүшүндө Ош облусунун административдик, шаардык жана райондук сотторунун төрагалары өз баяндамаларында тарабынан соттогу иш жүктөмдөрү, Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилген медиа-пландын негизинде, ар бир соттун 2025-жылдын 1-жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш пландар боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтарды беришти.
Ошондой эле ишти кароодо бирдиктүү практиканы түзүү боюнча сунуштар айтылып, аны жүзөгө ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.
Укук коргоо органдары жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен кайсы категориядагы иштер боюнча атайын иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштар ортого салынды.
Соттук процесстерге келбей себепсиз создуктурган же мүчүлүштүктөрдү кетирген жактоочуларга, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жана тергөөнүн обьективдүү жүрбөй процессуалдык нормаларды так сактабай тергелип келген иштерге тиешеси бар укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жеке аныктама чыгаруу боюнча талаптар коюлду.
Эрлан Асанов, иштерди белгиленген мөөнөттөрдө мыйзам талабына ылайык кароону белгилеп, бул талаптарды аткаруу, соттордун ишинин сапатын жогорулатуу, мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин сактоо үчүн маанилүү экендигин, андыктан, ар бир иш боюнча ар тараптуу жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн бардык процессуалдык талаптар так жана өз убагында аткарылышы керектигин, бул аракеттердин натыйжасы Кыргызстанда адилеттүүлүктү жана укуктук тартипти сактоого салым кошо тургандыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, иштерди кароодо негизсиз четтетүүлөргө жол берилбеши керектигин, ар бир ишти кылдаттык менен мыйзам чегинде карап, негизсиз кароодон четтетүүлөргө каршы туруп, сот ишинин адилеттүү жана обьективдүү болушу үчүн мындай учурлардан алыс болууга чакырды.
Апараттагы штаттык бирдикти көбөйтүү, аппарат кызматкерлерин окутуу, имараттын шарттары жана архивдин абалдары боюнча көйгөйлөр ортого салынып, жыйынтыкталды.