KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Эрлан Асанов Ош облустук сотунун судьяларын  жана аппарат кызматкерлерин келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

29 августа 2025

Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов сот кызматкерлерин жана келген конокторду келе жаткан 31-август өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.


Өз сөзүндө: “Мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, көз карандысыздыгын мурас кылып улам кийинки муунга өткөрүп берүү салт. Андыктан өлкөбүздө акыйкаттуулукту орнотууга жана укуктук жактан өнүгүүсүнө ар бирибиз салымыбызды кошууга милдеттүүбүз”-деп  белгиледи.


Андан соң сот тутумунда жигердүү эмгектенген, кесипкөйлүгү менен өзгөчөлөнгөн, кызматтык милдеттерин так жана үлгүлүү аткарган кызматкерлерге ошондой эле конок катары келген башка мамлекеттик органдын юристерине Ош облустук сотунун ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.