KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Эрлан Асанов Ош облусунун жергиликтүү сотторунун төрагаларына жыйын өттү

09 октября 2025

Жыйындын жүрүшүндө ар бир райондук соттун төрагаларына QR код системасы менен бааланып чыгарылган жыйынтык боюнча өздөрүнүн эмгек жамаатына чогулуштарды өткөрүү тапшырмаларын берди. Анда сот кызматкерлерине жарандар тарабынан жазылган  сын-пикирлерди жеткирип, бул боюнча тийиштүү түрдө жооп берүүнү тапшырды.


Соттордун имараттарына орнотулган QR код системасынын артыкчылыгы сот кызматкерлеринин сотко келген тараптардын мамилесин көзөмөлдөөгө жол ачат. Ошондой эле жарандардын пикирлери сот тутумунун сапатын жакшыртууда маанилүү роль ойнойт .


Белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев видео байланыш аркылуу болуп өткөн жыйында,  облустук соттордун төрагаларына райондук соттордун төрагалары менен жалпы жыйын өткөрүп, сурамжылоодо жарандар тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана административдик имараттардын тейлөө шарттары боюнча кемчиликтерди тез арада чечүүнү   тапшырган.