Бүгүн, 2026-жылдын 22-апрелинде, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов тарабынан райондук соттордун төрагалары жана бөлүм башчылары менен кезектеги жумушчу жыйын өткөрүлдү. Жыйындын негизги максаты- иштердин сапатын жогорулатуу, кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү жана сот адилеттигин ишке ашырууда бирдиктүү тартипти камсыз кылуу болду.
Жыйындын жүрүшүндө сот кызматкерлеринин кызматтык дисциплинасына өзгөчө көңүл бурулуп, эмгек тартибин сактоо, ишке өз убагында келүү, кызматтык милдеттерди так жана жоопкерчиликтүү аткаруу маселелери кеңири талкууланды. Төрага тарабынан тартип бузууларга жол бербөө, ар бир кызматкер өзүнүн ишине дыкат мамиле кылуусу зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун ортосундагы иш жүгүртүү маселелери каралып, документтердин өз убагында жана так жүргүзүлүшү, иштердин жогору инстанцияга жөнөтүлүшүндө кечигүүлөргө жол бербөө боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Сот өндүрүшүнүн сапатын жакшыртуу максатында ар бир иш боюнча жоопкерчилик күчөтүлөрү айтылды.
Жыйында биринчи инстанциядагы соттордун кеңсе кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер жана катачылыктар талкууланып, иш кагаздарын жүгүртүүдөгү кетирилген мүчүлүштүктөргө көңүл бурулду. Ошондой эле АИС (Автоматташтырылган маалыматтык система) аркылуу иш алып барууда кездешкен кемчиликтер да өзүнчө каралды. Системаны колдонууда техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу, маалыматтарды туура жана толук киргизүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Жыйындын жүрүшүндө сот иштерин кароонун мөөнөттөрүн сактоо маселеси да көтөрүлүп, ар бир иш мыйзамда белгиленген процессуалдык мөөнөттөрдүн алкагында каралышы керектиги баса белгиленди. Процессуалдык талаптарды так сактоо- жарандардын укуктарын коргоонун негизги кепилдиги экендиги айтылды.
Жыйындын соңунда төрага тарабынан жогоруда айтылган бардык багыттар боюнча тапшырмалар берилип, аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу, сот системасындагы ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилди.




