KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Эрлан Асанов Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Акжол Нарбаев менен бирге административдик имараттардын абалын жеринен көрүү үчүн райондук сотторду кыдырды

15 октября 2025

Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов жергиликтүү сотторго болгон иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Акжол Нарбаев менен биргеликте Араван,Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай  жана Чоң-Алай райондук сотторуна барды.


Алгач иш-сапар Ноокат райондук сотунан башталып, жаңы дайындалган башкармалыктын башчысын аталган райондук соттун жамаатына тааныштырып, орун алган көйгөйлөрүн укту.


Ноокат райондук сотунун административдик имаратынын абалы канааттандырарлык эмес. Кылмыш иштерин кароодо бөгөт коюу чарасы катары камакка алынган айыпкерлерди убактылуу кармоочу атайын жайлар каралган эмес.Судьяларга 5 кызматтык үй бөлүнүп пайдаланууга берилген.


Андан соң иш-сапар Араван райондук сотунда уланып, аппарат кызматкерлеринин дисциплинасын көзөмөлдөө  Сот департаментке тиешелуу экендиги белгиленип, айтылды.


Араван райондук сотунун кызматтык административдик имаратын куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген, учурда курулуш иштери башталуу алдында турат.  Судьялар үчүн 4 кызматтык үй курулган, бирок үйдүн ички эмеректери жок жана жолдору асфальтталбаган.


Андан ары Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондук сотторуна барышты.


Кара-Кулжа райондук сотунун административдик имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилген.Судьяларга 2 кызматтык турак-жай бөлүнүп берилген.


Өзгөн райондук сотунун кызматтык административдик имаратын куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген, учурда курулуш иштери жүрүүдө.


Алай райондук сотунун кызматтык административдик имараты 2024-жылы капиталдык оңдоодон өтүп пайдаланууга берилген, абалы жакшы.


Ошондой эле Чоң-Алай райондук сотунун имаратынын айрым иш-бөлмөлөрү, сот отуруму өтүүчү залы жана имараттын сырткы корпусу капиталдык ремонттоодон өтүп пайдаланууга берилген. Судьяларга 2 кызматтык турак жай бөлүнүп берилген.