KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

«InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча окуу өттү

07 февраля 2025

Бүгүн 2025-жылдын 7-февралында Ош облустук сотунда судьяларга жана соттун аппарат кызматкерлерине «Кызмат»  мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан инфодокс электрондук документ жүргүзүү системасынын сот тутумундагы иш алып барууда натыйжалуулугу боюнча маалыматтык-окуу өткөрүлдү.


Электрондук документ жүргүзүү системасын ишке киргизүү- мамлекеттик органдарда жана анын ичинде сот тутумундагы документ жүгүртүү технологиясын өнүктүрүүгө, аларды аткаруу мөөнөттөрүн кыскартууга, ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүүнү жөнөкөйлөштүрүүгө, ошондой эле аларды ташып жеткирүүгө жана чыгашалануучу материалдарга карата чыгымдарды кыскартууга багытталган.


Ошондой эле бул системасынын колдонулушу кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү жокко чыгарууга багытталып, жарандар менен иштешүүдө документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүп, заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.