«Кызмат» мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан инфодокс электрондук документ жүргүзүү системасынын сот тутумундагы иш алып барууда натыйжалуулугу боюнча мекеменин Ош облусундагы куратору Улукбек Алиев тарабынан окутуу өткөрүлдү.
Окууга Ош облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлери, Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлери, сот департаментинин приставдар бөлүмүнүн кызматкерлери, сот аткаруучулар жана облустук архивдин өкүлдөрү катышышты.
Электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүү- мамлекеттик органдарда жана анын ичинде сот тутумундагы документ жүгүртүү технологиясын өнүктүрүүгө, аларды аткаруу мөөнөттөрүн кыскартууга, ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүүнү жөнөкөйлөштүрүүгө, ошондой эле аларды ташып жеткирүүгө жана чыгашалануучу материалдарга карата чыгымдарды кыскартууга багытталган.
Ошондой эле бул системасынын колдонулушу кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү жокко чыгарууга багытталып, жарандар менен иштешүүдө документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүп, заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.
Буга чейин «Кызмат» мамлекеттик ишканасы тарабынан Ош облустук сотунун судьяларына жана аппарат кызматкерлерине окутуу жүргүзүлгөн.