KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кара-Кулжа райондук сотунда коррупцияга каршы профилактикалык жыйын өттү

24 июня 2026

2026-жылдын 23-июнунда Кара-Кулжа райондук сотунда судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча II кварталдык жыйын өткөрүлдү.


Жыйында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, мыйзам талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурулду.


Аталган райондук соттун төрагасы Сапарбек Жунусов кызматкерлерди эмгек тартибин сактоого, жарандарга сылык мамиле кылууга, кызматтык этиканы карманууга жана коррупциялык аракеттерден алыс болууга чакырды.


Ошондой эле ар бир кызматкер өзүнүн функционалдык милдеттерин мыйзамдын талаптарына ылайык так жана жоопкерчиликтүү аткаруусу зарылдыгы белгиленди.