2024-жылдын 7-декабрында кыргыздын улуттук оюну болгон улак тартыш уюштурулуп, судьялардан жана аппарат кызматкерлеринен эки команда куралып, беттеш кызыктуу өттү.
Оюндун акырында упайлар эсептелип, көк бөрүнү маарага көп таштаган мыкты команда деп Өзгөн райондук соту табылды.
Көк бөрүнү уюштуруунун негизги максаты райондук соттордун ортосунда ынтымакты, достукту бекемдөөгө жана сергек жашоого багытталган.
Көк бөрү-кыргыз элинин ат үстүндө ойнолуучу спорт оюндарынын бири.