Кара-Суу райондук сотунун кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер сот имаратынын айланасын иретке келтирип, эшик-терезелерин жуушту. Ошондой эле иш бөлмөлөрүн тазалап, мекеменин ичин тазалыкка келтиришти.
Ошондой эле жол жээктери жана коомдук жайлар тазаланып, айлана-чөйрө иретке келтирилди.
Мындай иш-чаралар эмгек жамаатында тазалыкты сактоого жана иш ордунда тартипте бекемдөөгө өбөлгө түзөт.




