KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кара-Суу райондук сотуна курулуп жаткан жаңы имараттын курулушунун планы бекитилди

19 мая 2026

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жаңы курулуп жаткан административдик имараттын курулуш иштерин кайрадан жандандыруу багытында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул максатта Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Акжол Нарбаев жана Кара-Суу райондук сотунун судьялары менен биргеликте курулуш объектисине барып, жеринде таанышып чыгышты.


Иш сапардын жүрүшүндө жаңы имараттын учурдагы абалы, ички курулуш иштеринин планы, инженердик коммуникациялардын жайгашуусу жана сот кызматкерлерине түзүлө турган шарттар талкууланды. Ошондой эле курулушту улантуу үчүн зарыл болгон уюштуруу маселелери каралып, ички курулуш планын бекитүү боюнча тиешелүү сунуштар берилди.


Жаңы сот имараты заманбап талаптарга жооп берген шартта курулуп, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу жайлары, сот залдары, судьялар жана аппарат кызматкерлери үчүн бардык зарыл шарттар каралат.