KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кара-Суу райондук сотунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жыйын болуп өттү

19 марта 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 19-март күнү Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев судьялар жана аппарат кызматкерлери менен биргеликте коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында жалпы жыйын өткөрдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө коррупциянын алдын алуу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана кызматтык этиканы сактоо маселелери талкууланды. Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча чаралар, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин арттыруу жолдору каралды.


Жыйындын алкагында судьялар өз сунуш-пикирлерин билдирип, практикалык сунуштар айтылды. Жыйынтыгында коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.