KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кара-Суу райондук сотунда коррупциялык аракеттердин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

24 июня 2026

Кара-Суу райондук сотунда коррупциялык аракеттердин алдын алуу, кызматтык этиканы сактоо жана мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыздоо маселелерине арналган жыйын өткөрүлдү. Жыйынга соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышышты.


Жыйында коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары жана сот тутумунда ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды. Ошондой эле кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту бекем сактоо, кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө жана жарандар менен иштөөдө кесиптик этиканын талаптарын кармануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев тарабынан кызматкерлерге эмгек тартибин сактоо, кызматтык милдеттерди жоопкерчилик менен аткаруу, жарандарга сылык жана калыс мамиле жасоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.  Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү ар бир кызматкердин негизги милдеттеринин бири экендигин белгилеп, мыйзам талаптарын так сактоо жана кызматтык этиканы бекем кармануу зарылдыгын эскертти.


Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана сот бийлигине болгон коомдук ишенимди арттыруу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.


Иш-чаранын жыйынтыгында сот кызматкерлери коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууга активдүү катышууга, мыйзамдуулукту жана ак ниет башкаруу принциптерин камсыз кылууга багытталган иштерди мындан ары да күчөтүү зарылдыгы белгиленди.