KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кара-Суу райондук сотунда медиативдик практика боюнча тажрыйба алмашуу жана биргелешкен кызматташтыкты чыңдоого багытталган кеңири форматтагы иш-чара болуп өттү

17 ноября 2025

Жолугушууга райондогу тажрыйбалуу медиаторлор, соттун судьялары, аппарат кызматкерлери жана бир катар адистер катышып, медиция институтунун мааниси жана анын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча терең талкуу жүргүзүлдү.


Иш-чаранын жүрүшү атайын уюштурулган тааныштыруу бөлүгүнөн башталды. Сот өкүлдөрү келген медиаторлорго соттун түзүмү, жүргүзүлүп жаткан иштер, статистикалык маалыматтар жана талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат беришти. Өз кезегинде медиаторлор өз тажрыйбасы, жүзөгө ашырып жаткан иштер жана медиативдик тажрыйбаны өркүндөтүүгө байланыштуу сунуштары менен бөлүшүштү.


Жолугушууда медиаторлор сотко чейинки жөнгө салуунун артыкчылыктарын кеңири түшүндүрүштү. Алардын айтымында, медиция – бул тараптардын өз ара макулдашуу аркылуу маселенин чечилишине өбөлгө түзгөн, убакытты жана чыгымды үнөмдөгөн, мамилелерди бузбай сактап калууга мүмкүнчүлүк берген натыйжалуу механизм. Медиаторлор белгилегендей, коомчулукта медиативдик ыкманын артыкчылыктарын жайылтуу, жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу – азыркы күндүн маанилүү маселелеринин бири.


Судьялар да медиативдик ыкманын сот системасы үчүн маанисин белгилеп өтүштү. Алардын айтымында, медиция колдонулган учурларда сотко түшкөн иштердин саны азаят, жараяндардын создугуусу кыскарат, ошондой эле талаштардын бир бөлүгү тараптардын өз ара сүйлөшүүсү аркылуу адилеттүү жана тез чечилет. Бул соттун ишмердүүлүгүнүн сапатына, кызматкерлердин жүгүн азайтууга жана жарандардын ыраатчылыгын жогорулатууга оң таасирин тийгизет.


Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар практикалык маселелер да талкууланды. Алардын катарына:


* медиаторлор менен соттордун маалымат алмашуу механизмдери;


* медиативдик келишимдерди иш жүзүндө колдонуу жана аткарылышы;


* жарандарга түшүндүрүү иштерин биргелешип жүргүзүү;


* медиаторлор менен судьялардын ортосундагы үзгүлтүксүз байланыш системасын жакшыртуу;


* жаңы мыйзамдардагы жана реформалардагы медицияга байланыштуу өзгөрүүлөрдү биргелешип өздөштүрүү сыяктуу темалар кирди.


Катышуучулар мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо үчүн биргелешкен иш-чаралардын планын түзүү, окууларды жана тренингдерди уюштуруу, медиативдик процесстерди кеңири элге таанытууну улантуу боюнча өз сунуштарын да айтышты. Медиаторлор жана сот өкүлдөрү мындай форматтагы жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү зарылдыгын баса белгилешти.


Иш-чара жылуу жана достук маанайында өтүп, анын жыйынтыгында тараптар ортодо өз ара колдоого жана ачык диалогго негизделген кызматташтыкты мындан ары да улантууга макул болушту.