Жыйын Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаевдин демилгеси менен өткөрүлүп, жыйынга аталган райондук соттун судьясы Бактыбек Иманбеков жана Кара-Суу райондук пробация бөлүмүнүн өкүлдөрү катышышты.
Пробация кызматынын өкүлдөрү судьяларга Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан электрондук бөгөт коюу чаралары боюнча кеңири маалымат беришти.
Пробация бөлүмүнүн башчысы Хамдамали Полотовдун айтымында, электрондук байкоо жүргүзүү түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулуп, электрондук билерик салынган адам белгиленген чектен чыкпоого тийиш. Ал адам белгилүү чек арадан өткөндө аппарат сигнал жөнөтөт, ал мониторинг борборунда чагылдырылат.
Электрондук көзөмөлдүн компоненттеринин бири – мобилдик түзмөккө орнотулган мобилдик тиркеме болуп саналат. Ал айыпталуучунун телефонуна белгилүү бир убакыт аралыгында кыймылды көзөмөлдөө үчүн орнотулат.
Пробация бөмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн ишин алып барууда жаралып жаткан көйгөйлүү маселери боюнча судьяларга суроолорун узатышып, тийиштүү жоопторду алышты.
Жыйынтыгы менен судьялар тарабынан каралган иштерди жана соттук материалдарды кароодо келип чыккан кемчиликтер көрсөтүлүп, сунуштар берилди.