Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун имаратында тергөө органдары тарабынан кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтерди талкулоо жана алардын алдын-алуу боюнча иш-чара уюштурулду.
Жыйын Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Эрлан Асановдун демилгеси менен өткөрүлүп, иш-чарага аталган райондук соттун судьялары, Кара-Суу райондук прокуратурасынын кызматкерлери, Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөө жана коомдук тартипти сактоо кызматтарынын жетекчилери жана тергөөчүлөр катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тергелип, тергѳѳ судьясына жана маңызы менен каларууга сотко өткөрүлүп берилген кылмыш иштери боюнча орун алган кемчиликтер жана көйгөйлөр ачыкталып, аларды алдын алуу жана жөнгө салуу ыкмалары талкууланды.
Андан соң, тергөөчүлөр өздөрүнүн ишин алып барууда жаралып жаткан көйгөйлүү маселери боюнча судьяларга суроолорун узатышып, тийиштүү жоопторун алышты.
Жыйынтыгы менен судьялар тарабынан каралган иштерди жана соттук материалдарын кароодо келип чыккан кемчиликтер көрсөтүлүп, сунуштар берилди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында каралган укук бузуу иштери боюнча укук бузуу протоколдорун мыйзамда каралган мөөнөт ичинде сотко тапшырылышын жана соттук кароонун жыйынтыгы менен жарандарга белгиленген жаза чараларын өз убагында аткарылышын көзөмөлдөп, аткарылгандыгы боюнча жазуу түрүндө сотко билдирүү берилишин талап кылынды.
Жыйындын соңунда Эрлан Асанов тарабынан сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу орган тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн сапатын жогорулатуу боюнча иш чараларды алып баруу зарылчылыгы жана кылмыш, укук бузуу иштери боюнча соттук актылардын так жана ѳз убагында аткарылышы керектиги баса белгиленип, тергелген кылмыш иштери боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурларда, соттор тарабынан жеке аныктамалар чыгарыла тургандыгы жөнүндө эскертилди.