KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кара-Суу районунда медиация институтун өнүктүрүү, жарандар арасындагы талаш-тартыштарды сотко жеткирбей тынчтык жолу менен чечүүнү кеңири жайылтуу, коомдогу социалдык чыңалууну алдын алуу жана профилактикалык иштерди күчөтүү максатында кеңири форматтагы жыйын болуп өттү

29 декабря 2025

Иш-чарага Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев райондук мамлекеттик администрациясынын-акимдин орун басары Айжан Куланова,  Медиация борборунун Ош филиалынын директору Авазбек Шамшмиев, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Рыскулов, Кара-Суу районунун прокурору Араз Имангазиев, райондогу аксакалдар сотторунун төрагалары жана айыл өкмөт башчылары катышышты.


 


Жыйындын негизги максаты — медиация институтунун укуктук негиздерин кеңири түшүндүрүү, аны жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу колдонуу жолдорун талкуулоо жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо түзүмдөрү, сот системасы жана жарандык коом өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташууну бекемдөө болду.


 


Кеңешме-жыйындын жүрүшүндө медиациянын Кыргыз Республикасындагы укуктук базасы, медиаторлордун ишмердүүлүгүнүн тартиби, алардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле медиацияны сотко чейинки жана сот процессинин жүрүшүндө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Медиациянын ыктыярдуулук, бейтараптуулук, купуялуулук жана тараптардын тең укуктуулугу принциптерине өзгөчө көңүл бурулду.


 


Катышуучулар тарабынан медиация кайсы категориядагы иштерде колдонулат, үй-бүлөлүк, коңшулук, жер талаштары, майда мүнөздөгү кылмыш жана жарандык иштерди медиация аркылуу чечүүнүн жол-жоболору, жарашуу келишиминин юридикалык күчү жана аны аткаруунун механизмдери боюнча көптөгөн суроолор узатылды. Айрыкча айыл өкмөт башчылары жана аксакалдар сотторунун төрагалары тарабынан жер-жерлерде көп кездешкен талаш-тартыштарды медиация жолу менен чечүүнүн практикалык жактары боюнча суроолор активдүү берилди.


 


Берилген суроолорго Медиация борборунун Ош филиалынын директору Авазбек Шамшмиев, акимдин орун басары Айжан Куланова, ошондой эле укук коргоо органдарынын, прокуратуранын жана сот системасынын жетекчилери кеңири, негиздүү жана мисалдар менен жоопторду узатышты. Алар медиациянын негизги артыкчылыктары катары талаш-тартыштарды тез арада чечүү, тараптардын ортосундагы мамилени сактап калуу, соттук жүктөмдү азайтуу жана социалдык туруктуулукту камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.


 


Мындан тышкары, жыйында аксакалдар соттору, айыл өкмөттөрү жана медиация борборлорунун ортосундагы өз ара кызматташууну күчөтүү, калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин системалуу жүргүзүү, профилактикалык иш-чараларды биргелешип уюштуруу маселелери талкууланды. Айыл өкмөт башчылары медиация институтун жергиликтүү деңгээлде жайылтууда активдүү катышууга даяр экендиктерин билдиришти.


 


Жыйындын соңунда медиация институтун мындан ары да өнүктүрүү, жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу, тынчтык жолу менен талаш-тартыштарды чечүү маданиятын калыптандыруу жана тиешелүү мекемелердин ортосундагы кызматташууну үзгүлтүксүз улантуу зарылдыгы белгиленди. Катышуучулар мындай кеңешме-жыйындардын келечекте да туруктуу негизде өткөрүлүп турарын белгилешти.