KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык эл менен жолугушуулар уланууда

15 мая 2026

Бүгүн, 15-майда Ош облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев баштаган облустагы жетекчилер Ноокат районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.


Эл менен жолугушуулар Ноокат районунун Гулистан, Кара-Таш жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында уюштурулуп, ага жергиликтүү тургундар жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.


Жолугушууга катышкан Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов жергиликтүү эл менен өзүнчө пикир алышып, жарандардын укуктук маселелерине көңүл бурду. Ал жарандардын арыз-муңун жеринен угуп, айрым кайрылуулар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзам чегинде жардам көрсөтүлөрүн билдирди.


Мындай жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз улантылып, эл менен түз байланышта иш алып барууга өзгөчө көңүл бурулат. Жарандар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөр жана сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жеринде каралып, аларды ыкчам чечүү боюнча зарыл чаралар көрүлөт.