Жогорку Соттун төрагасы иш-сапардын алкагында Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунда болду. Төраганы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот Департаментинин башчысы Бакыт Курманалиев, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, медиа эксперт Каныбек Темиров жана Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов коштоп барды.
Кара-Кулжа райондук сотунун административдик имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча буга чейин Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгы “Кыргызстройсервис” мамлекеттик мекемеси менен келишим түзүлгөн. Райондук соттун имаратынын ичи сырты оңдолуп, эки сот отуруму өтүүчү зал кошулуп, жертөлөсүнө архивдик документтерин жана АВФ серверин которгон. Буга чейин аталган райондук соттун кызматкерлери эскилиги жеткен имаратта иштеп келишсе, бүгүнкү күндө жаңыланган имаратта иш жүргүзүүдө.
Ал эми Кара-Суу райондук сотунун жаңы курулуп жаткан имаратына 2022-жылдын декабрь айында капсула салынып, курулуш иштери башталган. “Юг-Стройсервис”ААК менен келишим түзүлуп, бүгүнкү күндө аткарган жумушунун көлөмү 80 пайызды түзөт. Тагыраагы имараттын пайдубалы тургузулуп, үстү жабылган, тосмолору тосулуп, жылуулук системасы жана суу өтүүчү канализациялары коюлган. Кательный жана кызматтык унаалар үчүн навес курулган.Азыркы күндө имараттын сырткы фасады иштелип жатат.