KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кытай Эл Республикасына кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн барып келген судьялар алган тажрыйбасын кесиптештери менен бөлүштү

19 мая 2025

Кыргыз Республикасынын соттору Кытай Эл Республикасына барып, сот инфраструктурасы, мамлекеттеги укук системасы, укуктук институттары жана маданий баалуулуктары жөнүндө маалымдулугун жогорулатуу боюнча эки апталык окуудан өтүп келишкен.


Семинарга Ош облусунан облустук соттун төрагасы Эрлан Асанов, Ош шаардык сотунан судьялар Рустам Саткынбаев, Салтанат Бектемирова  жана Административдик соттон судья Жаныл Жаныбекова барышты.


Окуудан өтүп келген судьялар алган тажрайбаны кесиптештери менен бөлүшүп, Кытай Эл Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын укук системаларынын айрым окшоштуктары, өзгөчөлүктөрү, айырмачылыктары жана инновациялык өнүгүүсү боюнча кеңири айтып беришти.


Кытай Эл Республикасынын сот инфраструктурасында заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жаатындагы акыркы жетишкендиктериндеги ийгиликтери өзгөчө белгиленди. Анткени, аны менен  сотко кайрылган жарандарга өтө чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөн.


Белгилүү болгондой, Кытай ар кандай санариптик инструменттерди иштеп чыгууда  колдонуу аркылуу ишмердүүлүктү санариптештирүү боюнча сот тармагында жогорку натыйжаларга жетишкен.