KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун административдик имаратынын курулушуна капсула салды

17 октября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 17-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Медербек Сатыев Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун административдик имаратынын пайдубалына капсула салды.


Мезгил кутусун салуу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, медиа эксперт Каныбек Темиров,  Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Өзгөн райондук сотунун төрагасы Эрлан Бекишев жана райондук соттун кызматкерлери, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, райондун акиминин орун басары Ысакбек Качыбеков, Өзгөн районунун прокурору Замирбек Жумабеков, Өзгөн РИИБнын башчысы Асан Токтомамбетов жана атайын кызматтын  өкүлдөрү катышышты.


Иш-чараны Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов ачып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевге сөз берди.


Жогорку Соттун төрагасы өз сөзүндө,  курулуп жаткан жаңы имарат  жөн гана дубалдар менен чатыр эмес. Ал — жарандардын укуктарын коргоо, мыйзамдын күчүн жана адилет сот системасын чыңдоонун символу боло тургандыгын, бул имаратта иштеген ар бир судья, ар бир кызматкер элге таза, калыс жана жоопкерчиликтүү кызмат кылууга милдеттүү экендигин белгиледи.


“Бул долбоор — мамлекетибиздин сот системасын жаңылоо, элге жакын, ачык жана натыйжалуу адилеттик институтун калыптандыруу жолундагы чоң кадам. Убакыт өтүп, бул имарат ондогон жылдар кызмат кылат. Бирок биз бүгүн бул кадам менен келечекке ишеним жаратып жатабыз.


Жаңы имаратта заманбап шарттар жана эл аралык стандарттарга жооп берген ыңгайлуу, коопсуз, ачык-айкын сот иштерин жүргүзүү боюнча бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт”-деди төрага. Медербек Сатыев сөзүнүн соңунда, ушул имараттын курулушуна эмгегин, аракетин кошуп жаткан бардык адистерге, куруучуларга, колдоо көрсөтүп жаткан мекемелерге ыраазычылыгын билдирди.


Өз кезегинде Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев: “Өзгөн райондук сотунун имаратына мезгил кутусун салып жатканыбыз бул- мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө,ошол эле учурда адамдын укугун коргоого болуп жаткан кадам. Кубаттуу мамлекеттин өзөгүн мыйзамдуулук түзөт, ал эми, мыйзамдуулук сот системасынан башталат деп билебиз”-деп белгилеп, мезгил кутучасын салуу аземи менен катышуучуларды куттуктады.


Бүгүнкү күндө  Өзгөн райондук соту колдонуп жаткан имарат мурда бала бакчага таандык болуп, 1996-жылдын 9-июлундагы №284 токтомдун негизинде Өзгөн элдик сотунун балансына өткөрүлгөн. Ошондон бери бул жайда жүздөгөн сот кызматкерлери эмгектенип, миңдеген сот иштери каралды. Бирок ал заман талабына жооп бербей, кызматкерлердин иштөөсүнө да бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Ал эми мамлекет тарабынан түптөлүп жаткан жаңы сот имараты 6345,25 чарчы метр аянттагы жер участогунда жайгашып,  жалпысынан 2760 чарчы метрди түзөт. Ал үч кабаттан жана жер төлөдөн турат. Анда элүүдөн ашуун бөлмөлөр, 8 сот залы, сыртта откана, резервуар, үстү ачык автоунаа токтотуучу жай, даараткана курулуусу каралган.