KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Мектеп окуучуларына судьялар тарабынан “Жашы жете электердин укуктары жана милдеттери” деген аталышта лекция окулду

28 марта 2025

Мектеп окуучуларына судьялар тарабынан “Жашы жете электердин укуктары жана милдеттери” деген аталышта лекция окулду


Араван райондук сотунун судьялары Тилек Тагаев жана Гуляй Куманова райондогу Хабиб Абдуллаев атындагы №13 орто мектебинин 10-11 класстарынын окуучуларына сот системасы жөнүндө жана мектеп окуучуларынын укуктары жана милдеттери боюнча сабак өтүштү.


Жеткинчектерге балдардын укугу жана милдеттери боюнча кеңири түшүндүрүлүп, жаштар арасында кылмыштуулукка токтолуп, окуучуларга кылмыштын түшүнүгү, кылмыштын субьектилери, мыйзамда жашы жетпеген балдар үчүн көрсөтүлгөн жазалар, кылмыштын кесепети жөнүндө кенири баяндама беришти.


Судьялар билимдүү муун-өлкөнүн келечеги экенин белгилешип, окууларына ийгилик каалашты.