2024-жылдын 4-ноябрында Ош облустук Ички иштер башкармалыгында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джантаев, жергиликтүү бийликтин жетекчилери, укук коргоо органынын өкүлдөрү жана ардагерлери катышышты.
Өз кезегинде Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев укук коргоо органынын өкүлдөрүн жана ардагерлерин куттуктап, бир катар кызматкерлерге облусттук соттун атынан грамоталарды тапшырды;
“Урматтуу милиция кызматкерлери! Урматтуу ардагерлер!
Сиздерди 1-ноябрь–Кыргыз милициясынын кесиптик майрамы менен жана кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен өзүмдүн жана сот тутумунун кызматкерлеринин атынан чын жүрөктөн куттуктайм!
Сиздер элдин тынчтыгын жана коопсуздугун коргоодо дайыма алдынкы катарда туруп, ыкчам иштейсиздер.Кыйын кырдаалга туш болгон ар бир атуулдун кайрылуусуна сергек мамиле жасап, аларга жардам берүүдө кол үзбөйсүздөр.Кыргызстан эли сиздерге ишенет жана ар дайым колдойт. Элдин ишенимин бийик тутуп, өлкөгө ак ниет кызмат кылып, эл менен бирге болуу сиздердин ыйык парзыныздар.Анткени, Кыргызстандын ар бир жараны бейпилчиликте коопсуз жашап, эмгектенүүгө укуктуу.Сиздер эл аралап, эл ичинде болуп жарандарыбыз сиздерди бийликтин өкүлү, мамлекеттин жүзү катары кабылдашат. Сиздерге ишиниздерге ийгилик каалоо менен бирге бекем ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө ырыс-ынтымак каалайм.Мезгилдин ар кыл кыйынчылыктарына карабай тагылган милдеттерин татыктуу өтөп жаткан Кыргыз милициясынын эр жүрөк кызматкерлерин, элибизге эмгеги синген аксакал ардагерлерибизди кесиптик майрамыныздар менен чын ниеттен куттуктаймын”.