Бүгүн 2024-жылдын 30-сентябрында Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Ош шаардык сотуна барып, жыйын өткөрдү.
Жыйында коррупциялык элементтердин алдын алуу, соттук актынын сапатын жакшыртуу, ар бир ишти кароодо кылдаттык менен ишти териштирүү, иш менен кайрылган тарптарга судья жана аппарат кызматкерлерин сылык мамиле жасоого чакырды. Өзгөчө ички тартипти жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптарын бекем сактоону жумушка кечикпей, өз убактысында келүүнү баса белгилеп өттү.
Ошондой эмгек тартиби боюнча кемчиликтер айтылып, аппарат кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү дайындады.
Айтылган кемчиликтер аткарылбаса, аларга карата тартип чаралары колдонула тургандыгы белгиленди.
Андан кийин Ош облустук сотунда облустук жана административдик соттун судьяларына жыйын өткөрүп, бир катар маселелерди карады.